Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

“Кыргыз темир жолунда” нааразычылык акциясы өтүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Нарынбаев билдирди. Анын айтымында, акцияга жалпы 150-200 чамалуу адам катышууда. Алар негизинен 7-июлда маалымат жыйын өткөрүшкөн мурдагы темир жолчулардын айткандарына нааразы болушууда.

Н.Нарынбаевдин айтымында, мурда кызматынан айдалып кеткен темир жолчулар учурда “Кыргыз темир жолунун” жетекчиси Арген Малабаевди каралап, темир жолдун мурдагы жетекчилери Нариман Түлеев же Иса Өмүркулов келсин дешүүдө.

“Эгер А.Малабаевди кызматтан ала турган болушса, темир жолчулар иш токтотконго чейин барышат. Азыр беш сааттык эскертүү акциясы уюштурулуп атат”,- дейт Н.Нарынбаев. (IJz)

XS
SM
MD
LG