Полиция набыт болгондор саны алтымыштан ашканын ырастады. Өмүрү кыйылгандар арасында чет элдик адамдар, алардын арасында АКШнын бир жараны бар. Кыянаттын себеп-жөнү белгисиз. Кабарларга караганда Сомалидеги исламчыл "Ал Шабааб" тобу Уганданын борбору Кампалада террордук иштерди жасай турганын эскертип келген, анткени Сомалидеги бейпилдик күчтөрүнүн катарында Уганданын да аскер бөлүктөрү жайгаштырылган.