Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:04

Коогалаңда каза болгондордун ырасмий саны 312 болду


Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогалаң учурунда жабыр тартып, каза болгондордун ырасмий саны 312 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-июндан бери Ош облусунда 67 таанылбаган сөөк көмүлгөн. Жалал-Абад облусунда бир таанылбаган сөөк жерге берилген. Ушул тапта Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда эки адам таанылбай жатат.

Соттук-медициналык экспертиза бюросунун каттоосундагы каза болгондордун 91 пайыздан ашыгы эркектер, 7 пайыздан ашыгы аялдар жана бир пайызы жаш балдар.

Ош жана Жалал-Абад облусунан 1425 бала Бишкек шаарындагы мектеп интернаттарына жиберилип, медициналык кароодон, психиатрлардын текшерүүсүнөн өтүшкөн. Бүгүнкү күнгө чейин алардын ичинен 815 бала Ысык-Көлдөгү ден соолукту чыңдоочу жайларга жөнөтүлгөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG