Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

Японияда жекшемби күнкү шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды


Бу жолу парламенттин жогорку палатасына депутаттар шайланды. Башкаруучу демократиялык партия палатадагы көпчүлүк мандаттардан ажырады. Демократтар төмөнкү палатада көпчүлүктү түзөт. Алар мындан он ай мурда бийликке келишкен. Премьер-министр Наото Кан жекшемби күнкү добуштардын натыйжасына карабастан кызматында каларын билдирди, бирок байкоочулар эми ага өз саясатын жүргүзүү бир топ кыйын болот деп жатышат.

XS
SM
MD
LG