2007-жылы "Тыюу салынган өнөр" аттуу көргөзмөнү өткөргөн Сахаров атындагы музейдин мурдагы директору Юрий Самодуров менен көргөзмөнүн куратору Андрей Ерофеевди Москванын Таган соту диний негизде жек көрүү сезимин козутканы үчүн күнөөлү деп тапты. Сот чечимине ылайык, Самодуров - 200 миң, Ерофеев - 150 миң рубл өлчөмүндө айып төлөйт. Прокурорлор ар бирин үч жылга эркинен ажыратууну талап кылышкан эле.