Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

А.Атамбаев иш сапары менен Орусияда болду


Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 10-11-июль күндөрү иш сапары менен Орусиянын борбору Москвада болду. Иш сапары алкагында ал Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу кеңири сүйлөшүштү.

Сүйлөшүү учурунда Орусия тарап Кыргызстандагы кырдаалды эске алып, дагы 10 миллион доллар грант берүүгө макул болду. Андан тышкары Орусия гуманитардык жардам катары Кыргызстанга 20 миң тонна дизелдик күйүүчү май, 1,5 миң тонна уруктук буудай бермекчи. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG