Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Ош шаарында ушак-айыңды териштирчү ыкчам штаб уюшулат


Бул туурасында Ош аймагынын коменданты Бактыбек Алымбеков түштүк баш калаасындагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган штабга таандык атайын борборго бардык жарандар чалып, эл арасындагы ушак-айыңдарды айтып турууга тийиш. Ар бир кабардын чын-бышыгы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана укук коргоо органдары тарабынан дароо текшерилип, жооптору кечиктирилбестен калкка жарыяланып турмакчы.

Жергиликтүү талдоочулар мындай ыкчам штаб убарагерчиликти көбөйтүп, ошол эле учурда жарандарды бири-бирине кайраштыруусу ыктымал деп чочулоодо. (ATo)

XS
SM
MD
LG