Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Алмаз Бокушевду жактоочулары бошотуп алышты


Кара-Балтадагы уюшкан кылмыштуу топтун анабашы катары ИИМдин каттоосунда турган Алмаз Бокушев анын жактоочуларынын кысымы астында баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тергөө абагынан бошотулду. Адам уурдоо, акча талап кылуу жана карактоо сыяктуу жасалган оор кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн деп шектелип жаткан Алмаз Бокушев өзүнүн үйүнөн 11-июндун таңында кармалган болчу. Бир катар талдоочулар милиция уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө алар менен эсептешүүгө барып, алсыздыгын көрcөтүп жатат деп айыпташууда.

Алмаз Бокушевдин кармалышына нааразы болгон анын жактоочулары 11- июль күнү бир саатка жакын Бишкек-Ош жолун бөгөп алууга чейин барышкан. Алардын өкүлдөрү Бишкектеги кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алдына чогулушуп, Алмаз Бокушевди токтоосуз бошотуу талабын коюшту. Милиция кармалган адамдын кылмышка катышы бардыгын тактоо боюнча сурак иштерин токтотуп, аны эркиндикке чыгарууга аргасыз болду.

- Ошолордун бардыгын тактап, аныктап аягына чыгарганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби дегенде Кара-Балта шаарынан келишкен бир топ адамдар өздөрүнүн талаптарын коюп туруп алышты. Ошондон кийин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Алмаз Бокушевдин эч жакка чыкпоо боюнча тил катын алып анан коё берди. Бирок бул боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Cебеби кармоо учурунда оперативдүү кызматкерлердин экөө жабыр тарткан. Алардын өздөрүнө тиешелүү тапшырмаларын аткаруу учурунда аларга катуу каршылык көрсөтүлгөң, - деди ИИМдин маалымат борборунун кызматкери Бакыт Сейитов.

Алмаз Бокушевдин жактоочуларынын айтымында аны кармоо учурунда күч колдонулуп, катуу запкы жегендиктен улам, ал азыр ооруканада дарыланып жатат. 12-июль күнү Кара-Балтада митингке чыгышкан анын жактоочулары милициянын аракеттерин айыпташып, буга тиешелүү кызмат адамдарын жазалоо талаптарын коюшту. Алмаз Бокушевдин жактоочуларынын бири Эльвира Калиева бул боюнча ички иштер министри Кубатбек Байболов менен жолугушууну көздөп жатышкандыгын билдирди:

- Биздин талап. Укук коргоо органдары баскынчылык менен, эч кандай эскертүүсү жок, эч кандай күнөөсүз жаткан адамдын үйүнө кирип келип, балдарынын, аялынын көзүнчө күч колдонгондугу. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматтынан алынсын, жоопко тартылсын, оперлер дагы бүт жазага тартылсын. Мыйзам чегинде жооп беришсин.

Ички иштер министрлигинин маалыматтына караганда, Алмазбек Бокушев уюшкан топтун анабашы катары кылмыш дүйнөсүндө “Бокуш” деген лакап ат менен белгилүү. ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Бакыт Сейитовдун айтымында, А. Бокушевдин кармалышына буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагындагы оперативдүү маалыматтар негиз болгон:

- Акыркы убактарда киши уурдоо, ири суммадагы акча талап кылуу боюнча кылмыштардын бети ачылып, ошол боюнча шектүү адамдар кармалган. Албетте баары эмес. Качып кеткендери дагы болгон. Мына ушуга байланыштуу ошолорго тиешелүү адамдарды издөө боюнча иштер жүрүп жаткан. Мындан срыткары дагы биздин оперативдүү кызматкерлерде аны кармоого негиз берген маалыматтар болгон экен. Мына ошол маалыматтарды тактап териштирүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн кармалган болчу.

Анткен менен кармалган адамдын жубайы Анара Жумагулова анын эч кандай кылмыш дүйнөсү менен байланышы болбогондугун белгиледи. Анын айтымында Алмаз Бокушев Кара-Балта шаарындагы калкка кадыры сиңген, кадимки жай турмуштагы ишкерлердин бири болчу:

- Уктап жатсак, эшикти аткылап жатыптыр, элестетсеңиз. Ача албай жатам десем да болбой, эшик-терезенин баарын сындырып, талкалап кирип келишти. Күйөөмдү өлөөрчө тепкилеп, сабап салышты. Менин жолдошум Кара-Балтада сый-урматка ээ болгон, беделдүү жигит да негизи. Мындай-тигиндей деп бүт баарын караган Кара-Балтада мына ошол менин күйөөм болчу да.

Ошол эле учурда талдоочулардын баамында, кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар деп айтылып жүргөн адамдардын карапайым элдин артына жамынып алып, жоопкерчиликтен качкан мисалдары аз эмес. Муну талдоочу Орозбек Молдалиев кийинки он жыл ичинде бийликтин алар менен эсептешкен деңгээлге жетип калгандыгы менен байланыштырды:

-Анкени мурда да ушундай болуп келген. Кармап алып анан бир аз сүйлөшүп, кайра коё берип дегендей. Себеби дегенде бир нерсе болсо эле мен “баланча жерди тостура койом”, “мынанча адамым чыгат, мына араң кармап турам”, “эл аябай нааразы болуп жатат” депчи. Карапайым элди пайдаланышат. Анан өздөрүнүн куралдуу топтору бар. Алар бирин-бири ушундай жол менен коргошот да.

Ушул жылдын 17-июнь күнү Ош окуяларына байланыштуу Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп эсептелген Камчы Көлбаев да кармалып, бир канча убакыт суракка алынгандан кийин, кайра коё берилген.

XS
SM
MD
LG