Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Бүгүн АКШ президентинин өкүлү Кыргызстанга келет


АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол келерин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматка караганда, эки күндүк иш сапарынын алкагында М.Макфол президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен жолугушары күтүлүүдө. Анда өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаал жана жаңы баш аламандыктарды болтурбоо чаралары талкууланмакчы.
Ушул жылдын 6-майында Майкл Макфол Бишкекке келип Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын, жаштардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, “Азаттык” үналгысынын жамааты менен пикир алышып, маек курган. (AJ)

XS
SM
MD
LG