Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Орусияда сот эки искусство адисин айыпка жыкты


2007-жылкы “Тыюу салынган искусство” деп аталган көргөзмөнүн уюштуруучулары: Сахаров атындагы музейдин мурдагы директору Юрий Самодуров менен Третьяков галлереясынын жаңы багыттар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Андрей Ерофеевди Москванын райондук соту күнөөлүү деп тапты. Бул экөө “диндерди араздаштырып, жек көрүүнү пайда кылган” деген негизде айыпталууда. Айыптоочу тарап көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн арасында айрым диний баалуулуктарга шек келтирген фактылар табылганын белгилейт. Юрий Самодуров менен Андрей Ерофеев 6.5 АКШ долларына чейин айып пул төлөө милдеттендирилди. Андрей Ерофеев болсо сотто бардык айыптар жасалма экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG