Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:41

Өкмөттүн структурасы боюнча жарлыкка кол коюлду


Президент Роза Отунбаева өкмөттүн структурасы жана анын административдик мекемелери тууралуу жарлыкка кол койду. 27-июлда жалпы элдик референдумда кабыл алынган баш мыйзамга ылайык өкмөттүн структурасы төмөнкүдөй болмокчу:

I. Өкмөттүн структурасына төмөнкү министрликтер жана мамлекеттик комитет кирет:
1. Тышкы иштер министрлиги
2. Каржы министрлиги
3. Адилет министрлиги
4. Коргоо министрлиги
5. Ички иштер министрлиги
6. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
7. Энергетика министрлиги
8. Экономикалык тескөө министрлиги
9. Айыл-чарба министрлиги
10. Жаратылыш ресурстары министрлиги
11. Транспорт жана байланыш министрлиги
12. Мамлекеттик мүлк министрлиги
13. Саламаттыкты сактоо министрлиги
14. Билим берүү жана илим министрлиги
15. Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги
16. Жаштар иштери боюнча министрлиги
17. Маданият жана маалымат министрлиги
18. Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети

II. Кыргыз Республикасынын өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:
1. Премьер-министр
2. Биринчи вице-премьер-министр
3. Вице-премьер-министрлер
4. Министрлер
5. Мамлекеттик комитеттин төрагасы

III. Өкмөттүн алдында жана анын жетектөөсүндө төмөнкү административдик мекемелер иштейт:
a) Мамлекеттик агенттиктер:
1. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик
2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
3. Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиги
4. Мамлекеттик байланыш агенттиги
5. Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги
6. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги
7. Кинематография боюнча мамлекеттик агенттиги

b) Мамлекеттик кызматтар:
1. Жазаны аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы
2. Мамлекеттик чек ара кызматы
3. Мамлекеттик салык кызматы
4. Мамлекеттик бажы кызматы
5. Каржы тармагын тескөө жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы
6. Мамлекеттик каттоо кызматы

c) Фонддор:
1. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду
2. Медициналык камсыздандыруу фонду

IV. Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги болуп кайра түзүлсүн.

V. Өкмөттүн жетекчилигине төмөнкү маалымат каражаттары өткөрүлсүн:
1. “Кыргыз туусу”
2. “Слово Кыргызстана”
3. “Эркин-Тоо” (IJz)

XS
SM
MD
LG