Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Оштун мэри белгисиз жоголгондордун жакындары менен жолукту


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бүгүн июнь айындагы коогалаңда белгисиз жоголгон адамдардын жакындары менен жолугушту.

Ош шаарында прокуратура органдарына 92 адам жоголгону тууралуу арыз келип түшкөн. Алардын кырк төртү табылып, анын ичинен он тогузу тирүү, жыйырма беши өлүү табылган. Ушул тапта калган 48 адам изделүүдө.

Адамдар жоголгонуна байланыштуу 40 адам кармалып, кылмыш иштери козголгон. Ошондой эле жолугушуу учурунда ар бир жума күнү тергөө-иликтөө органдары Ош шаардык комендатурасына жоголгондорду издөө иштери боюнча маалымат берип туруусу боюнча чечим кабыл алынды. (IJz)

XS
SM
MD
LG