Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Бишкекте көчмө цирктин оюндары башталат


Бүгүн Бишкекте Америкадан келген кыргыз артисттери негиздеген “Көчмө кыргыз циркинин” бет ачаары болот

Кыргызстандык цирк өнөрпозу Раишбек Камбаров 20 жылдан бери Америкада жашап, цирк өнөрү менен алектенет. Учурда анын Америкада эки атчандар тобу бар. Раишбек Камбаров чыгармачылык жолун 1985-жылдары Кыргызстандагы көчмө цирктен баштаган. Мына ошол сыяктуу көчмө циркти кайрадан жандандырууну Раишбек Камбаров көптөн бери эңсеп келген. Ал тилекти ишке ашыруу үчүн көп убакыт жана бир топ каражат керектелгендигин айтат цирк өнөрпозу:

-Кадимкидей эле үйдүн чоңун Мексикадан, манежди Америкадан жасатып, Бишкекке алып келдик. Мына ошол жерде оюндарды көрсөтөбүз.

Мына ушул көчмө цирктин бет ачаары бүгүн Бишкекте болот. Программа эки саатка созулуп, цирк өнөрүнүн бир катар жанрлары көрсөтүлөт. Көчмө цирктин артисттеринин арасында Колумбиядан келген аттуу Жерми Хернандес аттуу цирк өнөрпозу бар. Анын ата-балабаларынын баары цирк өнөрү менен алектенгендиктен, ал да 8 жашынан тарта циркте иштей баштаган. Жерминин чыгармачылык дарамети өтө күчтүү экенин айтат Раишбек Камбаров:

-Булардын үй-бүлөсү циркте иштейт. Бул бала ар бир жанрга чебер. Ал цирк өнөрүнүн жонглерлук жанры боюнча Түштүк Американын чемпиону.

Жерми Хернандес кыргызга күйөө бала. Жубайы Елена Камбарова да циркте иштеп, жолдошу менен бир катар жанрдагы номерлерди чогуу аткарышат. Жерми быйыл биринчи ирет Кыргызстанга келгенин айтып, алган таасирлери менен бөлүштү.

-Мага биринчиден кыргыздын улуттук тамак-аштары жакты. Америкадан жеген тамактардан такыр өзгөчөлөнөт экен. Андан кийин табияты башкача элес калтырды. Өзгөчө Баткендеги айгул гүлү жакты,-деди Жерми.

Көчмө цирктин артисттери буга чейин түштүк жергесин жана Чүй облусундагы айылдарды кыдырышкан. Раишбек Камбаровдун айтуусунда көчмө цирк өзгөчө кичинекей көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырган:

-Алты-жети жаштагы кызды ата-энеси киргизип коюп кетип калышыптыр. “Бишкекте көргөн циркти көрүп, зеригип кетчибиз. Бул жерде өзүнчө эле майрам экен”- дейт ал кыз. Анын үстүндө балдарга айлампа да коебуз.

Колумбиялык цирк артисти Жерми Хернандес Кыргызстандын цирк артисттеринин чеберчилик деңгээли жогору экендигин айтып, көрүүчүлөр да айрымаланаарын билдирди:

-Кыргыз көрүүчүлөр Европалык көрүүчүлөрдөн айрымаланып, активдүү экен. Кол чаап, жакшы кабыл алышты. Мен мындай болот деп күткөн эмесмин.

Көчмө цирктин бет ачаары бүгүн болуп, 25-июльга чейин созулат. Артисттердин айтуусунда ар күнү эки-үчтөн оюн көрсөтүшөт. Көчмө циркке Кыргызстандын баардык аймактарынын тургундары күбө болушат.
XS
SM
MD
LG