Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Жогорку Кеңештин астында төрт пикет өтүп атат


Окуя болуп аткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, Жогорку Кеңештин алдына төрт башка топ чогулуп, бир эле убакта пикет өткөрүшүүдө. Биринчи топ 7-апрелде жаракат алгандарга мамлекет тараптан камкордук көрүлсүн деген талаптарды коюшса, экинчилери күрөөгө койгон үйлөрүн коммерциялык банктар мыйзамсыз тартып алып атышканын айтышууда. Дагы бир топ Бишкек шаарындагы Москва-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө жашап атышканын, кийинки кездери аларды күчтөп үйдөн чыгаруу аракети болуп атканын айтып, Убактылуу өкмөттөн жардам сурашууда. Ал эми дагы бир беш-алты адамдан турган топ сот системасын жакшыртууну, мыйзамсыз камалган жакындарынын ишин кайра кароону талап кылышууда. Азырынча аларга Жогорку Кеңештен бирөө жарым чыга элек. Алардын айрымдары өкүл катары Жогорку Кеңешке кирип кетишти. Нааразычылык акциясына чыккандар жалпысынан 100 чамалуу адам. (IJz)

XS
SM
MD
LG