Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Ош: жапа чеккендер кышка чейин жаңы конушка көчүрүлөт


Бул туурасында Ош облус губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Кушбак Тезекбаев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, этникалык кагылышуу кезинде өрттөлгөн жана талкаланган турак жайлардын саны такталууда. Бардыгы аныкталгандан кийин үй ээлерине талабына ылайык акчасы берилет же курулуш материалдары менен камсыз кылынат. Мындан тышкары ал өлкөнүн түштүгүндө Ош окуясы кайталанышы ыктымал деген маалыматтарды четке кагып, улуттук коопсуздук комитети мындайга жол бербестигине ишендирди.

Анткен менен жергиликтүү тургундар кандуу калабаны уюштургандар жана анын активдүү катышуучулары кармалып, калк көзүнчө жазаланмайынча, эки тараптын тең көкшүнү суубайт деген пикирди карманууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG