Ал тезинен Иранга кайтууну каалап жатканы айтылды. Маалыматты Пакистандын Тышкы иштер министрлиги да тастыктады. Министрликтин расмий өкүлү Надем Патияла “Азаттыкка”: "Ушундай болду, - деп айтты ал. - Аны кечээ кечки 6:30 бирөө элчиликке алып келген. Бирок буга Пакистандын элчилиги аралашкан эмес. Биз болгону АКШ менен Иран ортосунда байланышты түзө турган көпүрө болуп гана турабыз".
Иранда 1979-жылдагы революциядан кийин АКШ Иран менен дипломатиялык алакаларын токтотуп койгондуктан, Ирандын кызыкчылыктарын АКШда Пакистан коргоп келатат.
Бир жыл мурда жоголуп кеткен атомдук энергия боюнча окумуштуу-физик Шахрам Амирини расмий Тегеран АКШнын атайын кызматтары уурдап кетишкен деп эсептейт. Вашингтон болсо муну четке кагууда. Айрым маалыматтарга караганда, Амири Ирандын өзөктүк программасы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Дүйнөлүк коомчулук Иранды атом бомбасын жасаганга аракет кылып жатат деп күмөнсүнөт. Иран болсо анын программасы жайчылык максатты гана көздөөрүн айтууда.