Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Янукович Обаманы “геосаясий жагдайга карабастан” кызматташууга чакырды


Украин президентинин тышкы иштер боюнча кеңешчиси Андрей Фиалко В.Януковичтин мындай чакырыктагы катын бүгүн президент Обамага жеткирерин айтып, каттан үзүндү окуп берди. “Мен америка-украин өнөктөштүгүн эки улуттун пикир келишүүсү аныктайт деген тапшырманы көтөрүп жатам. Ал ким бийликте экендигине, геосаясий жагдайга, ички кырдаалга көз каранды эмес, ал бир гана эки өлкөнүн саясий тараптарынын артыкчылыгын камтышы керек”, деп айтылат катта. Ушул жылдын февралында бийликке келген президент Януковичтин Орусияга ыктаган саясаты АКШда түрдүү пикирлерди жараткан. Бул айдын башында АКШ мамкатчысы Х.Клинтон Киевде туруп, “Украина үчүн НАТОнун эшиги ачык” экендигин айткан.

XS
SM
MD
LG