Католик чиркөөсү менен испан дипломаттарынын аракеттеринин натыйжасында Кубада түрмөдөн бошотула турган 52 диссидентин жетөөсү 13-июлда Мадридге учуп келишти. Испаниянын тышкы иштер министри Мигуэл Ангел Моратинос жакынкы эки күндө саясий туткундардын дагы төртөө келээрин билдирди. Эгер Куба макулдашылган 52 туткунду абактан бошотсо, бул анда акыркы он жылдыктагы эң көп санды көргөзөт. Куба мындай кадамга өткөн айда түрмөдө ачкачылыктан бир туткун көз жумгандан кийин жана экономикалык абалын жакшыртуу үчүн эл аралык коомчулук менен алакаларын оңдоо максатында барууда. Кубалык адам укуктарын коргоочу активисттердин айтуусунда, дагы 167 согуш туткуну түрмөлөрдө күн өткөрүүдө.