Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадага катышат


Биология, химия жана физика сабактары боюнча эл аралык олимпиадага Кыргызстандан 13 окуучу катышат. Бул маалыматты “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Албина Дүйшөмбиева тастыктады. Маалыматка ылайык олимпиада үч өлкөдө, биология сабагы боюнча Түштүк Кореяда, химия – Жапонияда жана физика – Хорватия өлкөлөрүндө өтмөкчү. Ага карап окуучулар үч топко бөлүнүп, мугалимдердин коштоосунда барышмакчы. Олимпиада 11-июлдан 25-июлга чейин уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG