Парламенттик шайлоо алдындагы 100 күндө Кыргызстанда көрүлүүчү чаралар талкууланган тегерек үстөлгө “Ар-Намыс”, коммунисттер, “Эл арманы” партия лидери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Анда Убактылуу өкмөткө коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча бир нече сунуштар айтылды. Алсак Ош жана Жалал-Абаддагы тополоңду уюштургандарды таап жазалоо, түштүктөгү окуяны ачык жана калыс иликтөө, чукул арада аталган аймактарда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык күчтөрү менен бирге терроризмге каршы окуу уюштуруу сыяктуу сунуштарын билдиришти. Жыйынга башка дагы бир нече партиялар, Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү чакырылган болчу. (КЕ)