Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Кыргызстанда шайлоолордо бармакка белги коюу ыкмасы өзгөртүлүшү мүмкүн


Бул боюнча бүгүн “Жогорку Кеңешке шайлоо 2010” деген аталыштагы саясий партиялардын катышуусунда өткөн тегерек үстөлдө Борбордук Шайлоо Комиссиянын (БШК) төрагасы Акылбек Сариев билдирди. Анын айтымында, бул көзгө көрүнчү белги менен алмаштырылышы ыктымал. Ал эми БШКнын өкүлү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул багытта айрым эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр болууда. Анын айтымында, мурда колдонулган белгинин ордуна эки күн өчпөй жүрө берчү белгилерди алаканга же бармакка жармаштыруу сунушу айтылууда. Бул Кыргызстандын туусунун же гербинин сүрөтү болушу ыктымал. “Азырынча бул сунуш гана болууда. Буга карылар жана молдолор каршы пикирлерин билдиришкен,” – дейт Ж.Акматов.

Кыргызстанда шайлоолордо бармакка белги коюу (маркировка) ыкмасы 2004-жылы киргизилип, 2008-жылдын соңунда Шайлоо кодексине бир катар өзгөртүү киргизилип, шайлоочулардын бармагына белги басуу ыкмасы алынып салынып, 2010-жылдагы референдумга карата кайра киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG