Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Жалал-Абадда шектелип кармалгандарды бошотууну талап кылышууда


14-июлда областтык бийлик алдында отуздай киши бир сааттай нааразылык акция өткөрдү. Алар Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн айыл-кыштактарынан кармалган адамдарды бошотууну талап кылышты. Май-июнь айларындагы баш аламандыктардын алдын алалбады деп облустук бийликтин башчыларына да нааразы сөздөрүн айтышты.

Облбийликтин алар менен сүйлөшкөн жооптуу кызматкерлери ушу тапта тынчтыкты сактоо баарынан маанилүү экендигин түшүндүрүп, кармалган адамдардын маселесин тиешелүү тармактар чечерин билдиришти.

Облустук ички иштер башкармасы буга дейре өткөн окуяларга шектүү катары облус боюнча 57 киши кармалганын билдирген. Облус комендантынын орунбасары Адылжан Ашуров кылмышкерлердин улуту болбой тургандыгын, айыптуулар улутуна карабай эки тараптан тең бирдей кармалганын, алардын күнөөсү тергөөнүн жыйынтыгы менен аныкталаарын маалымдаган. (YA)

XS
SM
MD
LG