Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Бүгүн Казакстандын өкмөттүк делегациясы түштүккө барат


Кечээ Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Умурзак Шукеев жетектеген өкмөттүк делегацияны президент Роза Отунбаева кабыл алып, анда экономикалык көмөк көрсөтүү, учурда Кыргызстанга жардам көрсөтүүнүн тармагы катары Ош шаарынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын калыбына келтирүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле казакстандык делегация Экономикалык жөнгө салуу министри Эмил Үмөталиев менен дагы жолугушуп, Кыргызстандын экономикасын көтөрүү боюнча көрүлүүчү жардамдар жөнүндө сөз болду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG