Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

АКШ: Сенаттын тышкы иштер комитети Ооганстанды талкуулады


14-июнда аталган комитет АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын чабарманы Ричард Холбрук менен жолугушуп, он жылдан ашуун согуш отун тутантып келаткан талиптер жана алардын эл аралык террордук өнөктөрүнө каршы турууда көзгө алынаарлык кандай иштер болгондугу жана Ооганстандагы стратегия талкууланды. Комитет төрагасы сенатор Жон Керри АКШ администрациясынын ооган стратегиясынын так эместиги жөнүндө айтса, республикачыл сенатор Ричард Лугар Вашингтондун ооган максаттарын «баш-аламан» деп нааразыланды. Жолугушууда Р. Холбрук, «Ооган калкы жана АКШ башында турган эл аралык коомчулук бирге аракеттенмейинче Ооганстандын жалпы аймагында максаттарга жете албайбыз», деп билдирди.
АКШ сенаты талиптердин руханий мекени болгон Кандагар аймагына америкалык, эл аралык жана ооган күчтөрүн жиберүү тууралуу стратегияны жаңылоону карап жатат.

XS
SM
MD
LG