Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

Кыргызстанда казакстандык качкын Самал Кисметова дайынсыз жоголду


Бул туурасында анын күйөөсү Диянат Ердешов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул үй-бүлө 2009-жылы Казакстандан күч кызматы тарабынан диний кысымга кабылып, качып чыгышкан. Ошондон бери Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгынан Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн башпаанек сурап жүргөн бул үй-бүлөнүн бир мүчөсү Самал Кисметова 2010-жылдын 13-июлунда бейтапканага кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ал жоголгонго чейин жана кийин белгисиз бирөөлөр аларга телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр менен СМС билдирүүлөрдү жиберишкен дейт Кисметов. Ал бул факт боюнча Бириккен Улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгына кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганын да айтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул окуя боюнча маалыматтарды тактап туруп билдиришерин “Азаттыкка” кабарлады.

XS
SM
MD
LG