Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Евробиримдик Орусияны Эстемированын өлүмү боюнча ишти тез бүтүрүүгө чакырды


Евробиримдик бүгүнкү билдирүүсүндө Орусияны адам укугун коргоочу активист Наталия Эстемированын өлүмү боюнча ишти тез арада аягына чыгарып, Түндүк Кавказда «жазаланбаган кылмыш» кырдаалын токтотууга чакырды. Шаркеттин билдирүүсүндө айтылгандарга караганда, региондо Эстемированын өлүмүнөн кийин укук коргоочулардын коопсуздугу менен байланышкан абал начарлап кетти.

Наталия Эстемированы былтыр 15-июлда Чеченстанда белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бир нече сааттан кийин анын өлүгү коңшулаш Ингушетиядан табылган болчу. Бүгүн Орусиянын президенти Дмитрий Медведев укук коргоочуну өлтүргөн адам кармалганын, азыр аны өлтүрүүгө буйрук бергендер изделип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG