Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Түштүк коогалаңында 313 адам каза болду


Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын маалыматына караганда, Ош облусу боюнча каза болгон 246 адамдын сөөгү каттоодон өткөн, 67 таанылбаган сөөк көмүлгөн, 1659 адам медициналык жардамга кайрылып, 792 адам ооруканага жаткырылып, учурда алардын 613ү сакайып чыгышкан.

Жалал-Абад облусу боюнча 67 адам каза болгон, алардын 17и ооруканада көз жумган. Жалпысынан 666 адам жабыр тартып 289у ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө алардын жетөөсү эле ооруканада.

Ош шаарында болсо бүгүнкү күнгө чейин 48 дайынсыз жоголгон жарандар катталды. Алардын 22 синин кайда экендиги аныкталды. Мындан тышкары жоголгондор боюнча 13 арыз Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Учурда 13 кишинин кайда экендиги аныктала элек. Областта ыкчам-издөө, иликтөө иштери улантылууда. Бул туурасында Ош облустук комендантынын маалымат кызматынан кабарлады. (AJ)

XS
SM
MD
LG