Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Жаңы түзүлгөн техникалык өкмөт саясатка кийлигишпейт


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат-координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязов кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Техникалык өкмөт өлкөдө экономика жана социалдык тармакта туруктуулукту камсыз кылуу багытында, алдыдагы парламенттик шайлоону ачык, таза өткөрүүгө шарт түзүп берүү максатында кыска мөөнөткө түзүлдү.
Ал ошондой эле өкмөт мүчөлөрү убактылуу саясий партиялардагы ишмердүүлүгүн токтотоорун, Элдик ыңкылаптан кийинки курамы 14 адамдан турган Убактылуу өкмөт болсо парламенттин милдетин аткарып, Декрет чыгаруу, өзгөчө кырдаалды токтотуу сыяктуу маселелерди чечүүгө гана чогула тургандыктарын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG