Бүгүн Кызыл Жарым Ай улуттук коому жана Германиянын Кызыл Чырым уюму Ош жана Жалал-Абадда жапа тарткандарга гуманитардык жардам катары азык-түлүк товарларын, жууркан-төшөктөрдү тарата баштады. Иш чара Германия Тышкы иштер министрлиги бөлгөн 238 миң евро эсебиндеги каражатка ишке ашууда. Буга чейин ай башында Германия өкмөтү 49 500 евро суммасында Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине дары-дармек түрүндө жардамын көрсөткөн. (EK)