Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:33

Р.Отунбаева өкмөткө таза шайлоо өткөрүү милдетин койду


Президент бул үчүн өкмөт курамындагы бир да адамдын эч бир саясий партияга мүчө болбошу шарт экенин эскертти. Таза шайлоону камсыздоо үчүн Роза Отунбаева парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген бардык саясий партиялардын лидерлери менен жолугушууну максаттап жатканын айтты. Президент өткөөл мезгилдеги өкмөт жана анын аппараты шайлоо алдындагы кампаниядан оолак болушу абзел экенин билдирип, Боршайкомго шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө көмөктөшүү милдетин койду. (EK)
XS
SM
MD
LG