Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Жарандык коом укуктук кош бийликтин орношуна каршы


“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму бүгүн билдирүү таратып, Кыргызстанда укуктук кош бийликтин орношуна тынчсыздануу билдирди. “Президенттин буйругу менен Амангелди Муралиев биринчи-вице-премьер болуп дайындалды, бирок Роза Отунбаева убактылуу өкмөттүн төрайымы катары кала берүүдө. Отунбаева бир эле убакта өлкө башчысы да болуп, өкмөттү да жетектейби?” - деп суроо салып, укук коргоочулар баары Башмыйзам чегинде ишке ашырылышын талап кылышууда. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму жаңы бийлик азыркыдай өткөөл мезгилде мыйзам чыгаруу демилгелеринен алыс болуп туруусун эп көрүп, президенттик буйрук, токтомдор менен гана чектелип туруусун сунуштоодо. (EK)

XS
SM
MD
LG