Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Шал оорусуна каршы иммундаштыруу жумалыгы башталды


19-июлдан тарта Кыргызстанда полиомиелит (шал) оорусуна каршы иммундаштыруу боюнча Улуттук кампаниянын биринчи этабы башталат. Анын алкагында эки ай ичи жарым миллиондон ашык беш жашка чейинки ымыркайларга акысыз эки ирет эмдөө жүргүзүлөт.
Дүйшөмбү күнү Бишкектеги №11 үй-бүлөлүк медицина борборунда полиомелитке каршы эмдөө жумалыгы расмий ачылат. Иш чарага Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримовдун жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо жана ЮНИСЕФ уюмдарынан өкүлдөр катышаары күтүлүүдө.

Кыргызстанда азырынча полиомиелит каттала элек. Бирок бул оору менен коңшу Өзбекстанда - 6, Тажикстанда – 334 адам катталып, алардын 36сы каза тапкан. Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүндө бул дарт дээрлик жоголуп калган эле. (EK)

XS
SM
MD
LG