Утурлама келишимге кол коюу үчүн Орусиянын энергетика министри Сергей Шматконун жетекчилиги астында атайын делегация Болгариянын Варна шаарына барган. Орусиянын премьер-министринин орун басары Виктор Зубков мындан бир апта мурун Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менен жолугушуп, анын негизинде Болгариянын «Түштүк агым» газ долбооруна кошула тургандыгы белгилүү болгон.
«Түштүк агым» долбоору боюнча Орусиядан Болгарияга 63 миллиард куб метр газ өтмөкчү. Ал эми Европа Биримдиги колдогон «Набукко» долбоору Европаны 31 миллиард куб метр газ менен гана камсыз кыла алат. Ошон үчүн Болгария үчүн «Түштүк агым» «Набуккого» караганда эки-үч эсе көп пайда алып келери белгилүү.