Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Кочкор районунда май куюуучу бекет тонолду


17-июлда Кочкор районун кире беришинде эки жолдун ортосунда жайгашкан Газпром Нефть Азия ишканасына тиешелүү май куюуучу бекет тонолду. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Болот Токталиевдин айтымында, бүгүн болжол менен таңкы саат төрт жарымдар чамасында, бет кап кийген төрт адам белгисиз куралдан асманга ок атышып, ичиндегилерди коркутушуп 72 миң сомду алып кетишкен.Кароолчулар жабыркаган эмес. Учурда кылмыш болгон жерде Нарын облусунун милициясынын башчысы Нарынбек Молдоисаев бир орун басары менен жүрөт. Окуя иликтенип жатат. (JI)

XS
SM
MD
LG