Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Алма-Атада аймактагы коопсуздук, Кыргызстан талкууланды


Бүгүн Казакстандын Алма-Ата шаарында ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулган жыйын уланып, Борбор Азиядагы коопсуздук, Кыргызстандагы кырдаал, Ооганстан маселелери талкууланды. Казакстандын тышкы иштер министри 50 чамалаш тышкы иштер министрлери чогулган жыйында Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу жаатындагы ЕККУнун аракеттери тууралуу маалымат берип, жакын арада Кыргызстанга 50 чамалаш эл аралык полиция жөнөтүлөрүн билдирди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев болсо Кыргызстанга жардам катары күйүүчү май жана курулуш материалдары иретинде 10 миллион долларлык жардам берерин жарыялады. ЕККУ тышкы иштер министрлеринин жыйынына Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да барган. (IJz)

XS
SM
MD
LG