АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Жеймс Стейнберг бүгүн президент Роза Отунабева, өкмөт мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязов “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушуу АКШнын демилгеси менен уюштурулууда. Ошондой эле анын иш планында “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик борборуна баруу каралган. Ал эми тополоң орун алган аймактарга барар-барбасы айтыла элек.
Ж.Стейнберг Кыргызстанга бүгүн эртең менен келген. Буга чейин ал Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө болуп, мамлекет башчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылууда. Ж.Стейнберг бүгүн түштөн кийин Кыргызстанга болгон иш сапары тууралуу маалымат жыйынын өткөрмөкчү. (КЕ)