Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Ирандын парламенти уранды байытууну улантуу боюнча мыйзамды кабыл алды


Мыйзамга ылайык, Иран уранды 20% чейинки деңгээлде байытууну улантышы керек. Эми мыйзам долбоору өлкөнүн башкы көзөмөл кылуучу жана мыйзам чыгаруучу органы - Коргоочулар кеңеши - тарабынан жактырылгандан кийин күчүнө кирет. Мыйзамдын максаты – эларалык коомчулуктун Иранга каршы аракеттерине жооп кайтаруу.

Тегаран уранды байытууну токтотууга макул болбогону үчүн 9-июнда Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши ага каршы төртүнчү санкциясын киргизген. Эларалык коомчулук “Иранга уран атомдук бомба жасаш үчүн керек” деп күмөнсүнөт. Тегаран болсо муну четке кагып, анын өзөктүк программасы жайчылык максатты гана көздөөрүн айтууда.

XS
SM
MD
LG