Австриядагы форумдун алдынан СПИД боюнча эларалык альянс “Эгер илдеттин жайылышына каршы чаралар азыр көрүлбөсө, 20 жылдан кийин аны менен күрөшүүгө дүйнө 35 млрд.доллардан акча коротконго мажбур болуп калат”, - деп билдирген. Альянстын маалыматына караганда, адамдын иммундук дефицитине алып келчү вирусту жугузуп алгандардын саны азыр дүйнөдө 33 млн.дон ашты.