Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Кыргызстанда полиомиелитке каршы эмдөө башталды


Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, бүгүн Кыргызстанда беш жашка чейинки жаш балдарды полиомиелитке каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Аталган эмдөө 23-июлга чейин уланмакчы. Ал эми полиомиелитке каршы эмдөөнүн экинчи этабы 23-27-август арасы жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, полиомиелитке каршы оозго тамчылатуу аркылуу жүргүзүлчү эмдөө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюм тарабынан колдоого алынган коопсуз эмдөө болуп саналат. Кыргызстандагы беш жашка чейинки ар бир баланы эмдөө үчүн Бириккен улуттар уюмунун Балдар кору 270 миң долларга 1 млн. 600 миң жолу эмдөөгө жете турган дары сатып алган.

Полиомиелит – балдардын шал оорусу, же болбосо борбордук нерв системасын жабыркатчу инфекциялык оору. (IJz)

XS
SM
MD
LG