Кыргызстанда өткөн массалык баш аламандыктарга, адам өмүрүн кыйган кагылыштарга байланыштуу кармалган 10 адам чет өлкөлүк жарандар болуп чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында кармалган чет элдик жарандар көрсөтмө беришүүдө жана учурда алар кайсы өлкөнүн лагерлеринде машыгуудан өтүшкөнү, кандай иштерди аткарышканы жана кайсы маршрут менен Кыргызстанга келишкени белгилүү болду. Бирок түрдүү кеп-сөздөр чыгып кетпеши үчүн кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары экендиги азырынча айтылбайт.
Азыркы тапта өлкөдөгү массалык баш аламандыктарга байланыштуу 1500 чамалуу кылмыш иши козголуп, баш аламандыктарды уюштурган жана катышкан көптөгөн адамдар кармалды. (IJz)
Азыркы тапта өлкөдөгү массалык баш аламандыктарга байланыштуу 1500 чамалуу кылмыш иши козголуп, баш аламандыктарды уюштурган жана катышкан көптөгөн адамдар кармалды. (IJz)