Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Ош: жарандык коом өкүлдөрү бийликке бир катар талаптарды койду


Ош шаарындагы борбордук аянтка чогулган элүү чакты киши Нарын облусунун мурунку губернатору Адыл Эсенбековдун кайрадан кызматка коюлушун, Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизбөөнү, Бахтияр Фаттаховду Ош облус комендантынын орун басарлыгынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директорлугунан, калыс сөзүн айта албаган Турсунбек Акунду Акыйкатчылыктан токтоосуз бошотууну жогорку бийликтен талап кылышты. Ошондой эле өзбек лидерлери А. Сабировдун, Б. Фаттаховдун, Ж. Салахутдиновдун, К. Абдуллаеванын, К. Алимовдун, К. Батыровдун, ОшТВ Жана МезонТВ телекомпанияларынын жетекчилеринин, мындан тышкары Ош окуясын уюштургандардын жакын арада эл алдында жазага тартылышын катуу суранышты.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Сабиров азыр айыптууларды издей турган мезгил эместигин билдирсе, ал эми Ош облус комендантынын орун басары Бахтияр Фаттахов кандуу калабаны үчүнчү күчтөр уюштургандыгын жар салган.

Ош облус губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Таалайбек Зикиров нааразычылык акциясынын катышуучуларынын талаптары жүйөөсүз экендигин айтып, азыр амбициялардын заманы эместигин белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG