Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Азербайжан европалык соттун чечимине каршы арызданат


Өлкөнүн расмий бийлиги Адам укуктары боюнча европалык соттун журналист Эйнулла Фатуллаев боюнча чыгарган чечимине макул эместигин билдирип, аталган соттун жогорку палатасына доо арыз жолдоду. Страсбугда жайгашкан Адам укуктары боюнча европалык сот апрель айында Э.Фатуллаевди тезинен абактан бошотуп, 25 миң евро өлчөмүндо көмөк пул төлөп берүү тууралуу чечим чыгарган.
Адам укуктары боюнча европалык соттогу Азербайжандын өкүлү Ч.Асгаров «эгер соттун жогорку палатасы доо арызды четке какса, анда Азербайжан соттун биринчи чечимин ишке ашыруусу шарт», деп билдирди.

Э. Фатуллаев Азербайжандагы «Чыныгы Азербайжан» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенип өлкөнүн бийлигин ачык сындап келген. Учурда ал абакта террорчулукка көмөктөшүү, жалган маалымат таратуу, салыкты жашыруу жана маңзаттарды сактоо деген негизде айыпталып, 11 жылдык мөөнөттү өтөп жатат. Жергиликтүү жана эл аралык адам укуктарынын абалына көз салуучулар журналистке каршы козголгон кылмыш иш жалган жалаа экенин айтап келишет.

XS
SM
MD
LG