Бүгүн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Пьер Морель менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, тараптар түштүктөгү окуяны иликтөөчү эл аралык комиссияны түзүүнү уюштуруу маселесин талкуулашты. П.Морель 26-июлда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин кеңешинде Кыргызстанга толук кандуу көмөк көрсөтүү жана байланышты өнүктүрүү боюнча тиешелүү чечим караларын билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү кыргыз бийлигинен колдоо тапканына канагаттанганын белгиледи. (AJ)