Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Кыргызстан: Эл аралык полиция элге ишеним алып келет


ЕККУнун полиция күчтөрү Македонияда 15-июнь 2003
ЕККУнун полиция күчтөрү Македонияда 15-июнь 2003

Кыргызстандын түштүк аймагына ЕККУнун кеңеш берүүчү эл аралык полиция тобун киргизүү маселеси бир айдын ичинде чечилет.

Ички иштер министрлигинин маалыматтына караганда ЕККУнун полиция күчтөрүнүн кандуу окуя болгон аймактарда иш алып баруусунун шарттары, мөөнөтү жана мандаты боюнча маселелер макулдашылып бүтүп, негизги чечим уюмдун туруктуу кеңешинде гана калды.

Макулдашууга ылайык, элүү эки адамдан турган полиция тобу Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуялар болгон аймактарда иш алып барышат. Буга көмөкчү катары ЕККУнун мандаты менен жергиликтүү отуз алты адам тандалып алынат. Кеңеш берүү, байкоо жана көзөмөлдөө милдетин алган аталган полиция тобу милиция бөлүмдөрүнүн алдындагы алты участокко бөлүнүп иштешет.

Ички иштер министрлигинин илимий-изилдөө борборунун башчысы Шамшыбек Мамыровдун айтымында, эл аралык полиция тобунун иштөө мөөнөттү төрт айга чектелген жана аны өзгөртүү кыргыз өкмөтүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт:

-Ал эми мандатты төрт айдан ары узарта турган болсок, анда нота алмашуу аркылуу гана узарата алабыз. Бирок кыргыз өкмөттүнүн макулдугу менен гана. Биринчи мөөнөт ошол төрт айга деп долбоордо бекитилди. Ал эми элүү эки полициянын санын көбөйтүү маселеси да кыргыз өкмөтүнүн макулдугу менен чечилет. Эгерде ошого муктаждык же кандайдыр бир зарылдык боло турган болсо.

Жергиликтүү күч органдары башаламандык учурундагы оор кылмыштарга тиешеси бар деген шек менен жүздөн ашуун адамды камашкан. Ушуга байланыштуу издеп-иликтөө иштеринин жана тергөө амалдарынын жүргүзүлүшү бир жактуу болуп жатат деген арыз-даттануулар болгон. Шамшыбек Мамыров эл аралык полиция тобунун киргизилиши элдеги мына ушундай ишенбөөчүлүктү жоюуга жардам берет деп эсептейт:

- Ачыгын айтканда Ош жергесинде калктын бир тобу жергиликтүү милицияга ишенбей жатат да. Бир жактуу гана тергөө болуп жатат деп. Мына ошондуктан да ошол обочолонуп турган калктын арасында ишеним пайда болушу үчүн ушул аракеттер жүргүзүлө баштады. Себеби бул полиция тобунун мандаттында ортомчу катары тыякка да тартпай, биякка да тартпай калыс түрдө иштерди көзөмөлдөп, жергиликтүү укук коргоо органдарына кеңеш берүү аркылуу жардам беришет деп жазылды.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы бир катар саясий күчтөр калаба болгон аймакка сырттан эл аралык полиция күчтөрүнүн киргизилишине каршы. Мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов мамлекеттин ички ишине сырткы күчтөрдүн кийлигишкендиги менен жаңжалдын кесепеттери жайгарылбайт деген ойдо:

- Кыргызстан деген мамлекетибиз бар, кыргыз деген элибиз бар. Биз ушул кырдаалдан өзүбүз чыгып кетишибиз керек. Эгерде мамлекет катары намысыбыз болсо. Жерибизди сактап калалы десек, биз башка күчтөргө ишенбей, акыл-эсибизди жыйып, мамлекетибизди сактап калганга эң биринчи кыргыз бийлиги өзү жоопкерчиликти алышы керек.

Анткен менен президент Роза Отунбаева башында турган Кыргызстандын бийлиги ЕККУнун эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө өткөн аптада макулдугун берди. Ошол эле учурда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев эл аралык полиция тобун Кыргызстанга киргизүү мөөнөтү бир кыйла созулуп кетиши мүмкүн экендигин белгиледи. Анын айтымында алдын ала макулдашуулар болгону менен тараптардын милдеттенмелери боюнча документтер ЕККУнун туруктуу кеңешинде бекитиле элек:

-ЕККУнун туруктуу кеңешинде канчалык тез каралат, полиция кызматкерлери канча убакытта тандалып алынат?. Ошондон кийин гана белгилүү болот. Азырынча киргизиле турган мөөнөттү боюнча так айтууга эрте. ЕККУнун өзүнүн шарттары, ички документтери бар. Анан тараптардын полиция күчтөрүн киргизүүнүн шарттары боюнча кошумча милдеттенмелерин камтыган документер бар. Ошолордун бардыгы жогорку деңгээлде каралып чыккандан кийин гана алар кире алышат.

Буга чейин Human Rights эл аралык адам укугун коргоо уюму Кыргызстандын түштүгүнө полиция күчтөрүн киргизүүнү тездетүү маселесин көтөрүп чыккан. Аталган уюмдун айтымында, башаламандыктарды иликтөөдө адам укугун бузган учурлар орун алыптыр. Бирок мындай билдирүүлөрдү жергиликтүү күч органдары төгүнгө чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG