Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

М.Олбрайт Р.Отунбаеваны президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Улуттук демократия институтунун төрайымы Мадлен Олбрайттын куттуктоосунда кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстан өзүнүн демократиялык реформалар багытын улантып жаткандыгы кубанарлык көрүнүш экенин белгилеп, Роза Отунбаевага "27-июндагы конституциялык референдумдагы жогорку көрсөткүч сиздин өлкөңүздүн атуулдарынын демократиялык багытты бекем тандап алгандыгынын далили болуп саналат”,-деген.
Ал ошондой эле Улуттук демократиялык институт Кыргызстандагы болуп өткөн башаламандыктарды калыбына келтирүү аракеттерин, парламенттик шайлоого даярдыкты, Кыргызстандын атуулдарынын саясый эрктүүлүгүн жана ишенимин колдой тургандыгын белгилеген.
Теги чехиялык Мадлен Олбрайт 2000-жылдары АКШнын Мамлекеттик катчысы кызматын аркалаган. Ал учурда Улуттук демократия институтунун төрайымы. (AJ)
XS
SM
MD
LG