Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Кечээ АКШнын президентинин өкүлү Майкл Макфол Ошко келбей калды


Анын ордуна АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Ошто болуп июнь окуясында жабыр тарткан аймактарда болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Оштогу “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Майкл Макфол кечээ Бишкекке келип, Ош, Жалал-Абаддагы абалды жеринде тааныша тургандыгы тууралуу кабарлаган.

Маалыматка караганда, АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Ош шаарын кайра куруу, облустагы коомдук-саясий абал, аймактагы кырдаалды турукташтыруу маселелерин талкуулады. (AJ)

XS
SM
MD
LG