Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Бүгүн Жогорку Кеңештин жанында “Мекен шейиттери” кыймылы митинг өткөрөт


Бул тууралуу аталган кыймылдын лидери Арыстан Сагындыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 7-апрелде шейит кеткен балдардын жакындары Убактылуу өкмөттөн Курманбек Бакиевди жана анын бир туугандарын тез арада кармап, Кыргызстанга алып келип мыйзам чегинде жазага тартуу талабын коюшат. Ошондой эле Элдик ыңкылап үчүн каза болгон жигиттердин үй-бүлөсүнө жөлөк пулду чечип берүү, Бакиевдерге таандык турак-жай, мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иш чарасына көзөмөл кылууга “Мекен шейиттери” кыймылын катыштыруу, кайтарылган мүлктөрдү элдин пайдасына чечүүнү талап кылышат.

7-апрелде Ак үйдүн имаратынан митингге чыккан элге карата ок атылып 80ден ашуун адам каза болуп, эки миңге чукул адам жаракат алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG