Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Аскерде бир айлык кызмат өтөө жоюлду


Убактылуу өкмөт атайын декрет кабыл алып, 2009-жылдын 1-январынан бери иштеп келаткан жарандардын бир айга гана аскерде кызмат өтөөсүн шарттай турган мыйзамды жокко чыгарды. Былтыртан бери иштеп келаткан бул эрежеге ылайык, эгерде аскерге чакырылгандар мамлекетке 12 миң сом төлөй турган болсо толук кызмат өтөөдөн бошотулуп, бир айлык гана даярдоодон өтө беришмек.

Эми бул боюнча Коргоо министри Исмаил Исаков даярдаган декрет долбоорун Убактылуу өкмөт колдоп, аскерге жарактуулар кайрадан сөзсүз түрдө толук кызмат өтөөгө милдеттүү болуп калышты.

Бир айлык кызмат өтөөнүн жоюлуш максаты – Кыргызстандын резервдеги мобилизациялык күчтөрүн сапаттуу даярдоодон өткөн адам ресурстары менен толуктоо болуп саналат. (IJz)

XS
SM
MD
LG