Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:34

Жакындан тарта оор жүк ташуучу автоунаалар Нарындын жолдорунан жүрбөйт


Мындай маалыматты Нарын эркин экономикалык аймагынын башкы директору Узак Орозакунов 20-июлда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ат-Башы районундагы мурдакы аэропорттун ордуна 24 гектар жерге сода-тейлөө борбору жана транзиттик борборун кууру боюнча мекемелер аралык комиссия өз чечимин чыгарды. Эми Ат-Башыда эки ай аралыгында жүк сактоочу имараттар салынып, кытайдын оор жүк ташуучу автоунаалары жүктөрүн түшүргөн соң кайра артка кайтышат. Келечекте борбор толук кандуу ишке киришсе 3 миңге чукул адам жумуш менен камсыз болуп, аны курууга каалаган кыргыз ишкерлери тартылат. (JI)
XS
SM
MD
LG