Кабулда өтүп жаткан эл аралык конференциянын катышуучулары президент Хамид Карзайдын «өлкөдө бардык коопсуздук операцияларды ооган күчтөрү жетектесин» деген сунушун колдошту. Алар ошондой эле алдыдагы эки жылда эл аралык гумжардамдын тең жарымын ооган өкмөтү бөлүштүрүшүнө чакырышты. Азыркы тапта өкмөт бул каражаттын болгону 20 пайызын көзөмөлдөйт. Делегаттар ошондой эле ооган өкмөтүн коррупция менен күрөштү күч алдырып, мамлекеттик башкарууну жакшыртууга үндөштү. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен ооган армиясы жоопкерчиликти өзүнө алгандан кийин да НАТО күчтөрү Ооганстанда кала берип, жергиликтүү бийликке жардам көрсөтөөрүн билдирди.
БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун Ооганстандын келечегине биринчи жолу конкреттүү мамиле жасалып жаткандыгын белгиледи. Жыйынга 70 чакты эл аралык уюмдардан жана өлкөлөрдөн өкүлдөр катышты.
БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун Ооганстандын келечегине биринчи жолу конкреттүү мамиле жасалып жаткандыгын белгиледи. Жыйынга 70 чакты эл аралык уюмдардан жана өлкөлөрдөн өкүлдөр катышты.